Кыргызстанга Германиянын президенти расмий сапар менен келет

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

Сапардын жүрүшүндө кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.

 

«Мамлекет башчылары кыргыз-немис кызматташтыгын, мындан тышкары мамилелерли достукта жана өнөктөштүктө өнүктүрүүнүн болочогун талкуулайт», — деди Азымбакиев.

 

19-21-июнда немис президенти Казакстанга келери айтылган.

Казакстандык басылмалар ал казак президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолугуп, бизнес форумга катышарын жазышты.