Кыргызстанда электр самокаттар менен жүрүүдө атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда электр самокаттар менен жүрүүдө атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн.

 

Документти депутаттар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте иштеп чыгат. Анда  электр самокаттар менен кайсы аймактарда жүрсө болот, жол кырсыгы катталган учурда алардын жоопкерчилиги, жарык чагылдыруучу элементтердин милдеттүү түрдө болушу жана башка пункттар жазылат.

 

Бирок Жогорку Кеңеш бул мыйзамды жайкы эс алууга чыкканга чейин кабыл алууга жетишпейт. Андыктан, ал сентябрда кароого алынат.