Саламаттыкты сактоо министрлиги элдик медицинаны мыйзамдаштырууну сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги элдик медицинаны мыйзамдаштырууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин демилгечиси министр — Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Ал элдик медицинанын ар кандай ыкмаларын изилдеп, алар боюнча атайын окутуу программаларын иштеп чыгып, материалдык-техникалык база түзүүнү сунуштады.

 

Бейшеналиевдин айтымында, салттуу медицина көп кырдуу — чөп менен дарылоодон баштап, ар кыл процедураларга чейин, андыктан, аларды изилдөө керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.