Кыргызстанда ушул айда 16 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет

Кыргызстанда ушул айда 16 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен быйыл өлкөдө 100 мектептин курулушу пландалган.

 

Алардын 84ү жыйынтыкталды, дагы 16 мектепте курулуш аяктоо алдында туруп, жыл аягына чейин колдонууга берилет деп пландалууда. Жылдык планга 10 бала бакча кирсе, сегизинде иштер аяктаган, — деди Орунтаев.