Бишкекте маршруттук таксилердин кыймылын эми уюлдук тиркеме аркылуу билим алса болот

Бишкекте маршруттук таксилердин кыймылын эми уюлдук тиркеме аркылуу билим алса болот. Ордо калаа мэриясы бул үчүн “Менин шаарым” тиркемесине жаңы функция киргизди.

 

Эми анда автобус, троллейбустардан тышкары кичи маршруттук таксилердин жүрүү кыймылы дагы жеткиликтүү. Жүргүнчүлөр белгилүү бир каттамды тандап, маршруткалар учурда каякка жетип калганын көрө алат.

 

Кыргыз, орус жана англис тилиндеги уюлдук тиркемени Play Market жана App Stor’дон көчүрүп алуу керек.