Самбо боюнча курама команда дүйнө кубогунда 13 медаль жеңди

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-август күндөрү өтүп, 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчу катышты.

 

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.