Талас облусунда жаңы оорукана курулууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык жай Көпүрө-Базар айылында орун алат. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 98 миллион сом бөлүндү.
Ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жайгашат. Объект кийинки жылы колдонууга берилет деп пландалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.