Кара-Сууда Медициналык тез жардам кызматын көрсөтүү бөлүмү жана мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Курулушка мамлекеттик бюджеттен 32 миллион сом бөлүнгөн. Бөлүм 6 орунга ылайыкталып, медициналык кароо, изолятор, интенсивдүү терапия жана башка палаталары бар.
Бейтаптарга медициналык тез жардам көрсөтүүгө зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалгандыгы маалымдалды.