Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады

коом

Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады. Социалдык тармактарда өрт чыгып жатканы тартылган видео жана сүрөттөр боюнча маалыматты “Манас” аба майданынын басма сөз кызматы ырастады.

 

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

 

Мекеме ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында аскердик машыгуу өтүп жатканын кошумчалады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.