Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, мунун себеби селге байланыштуу.
Дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, шаардын чет жакасындагы айылдарда сел жүрүп, бир катар үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Селдин кесепетинен Алайкууда бир адам каза болгону кабарланган.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптады. Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Айдоочуларга сапарга чыгарда 112 кыска номеринен маалымат алуу сунушталат.