Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бишкектеги ресторандардын биринде жарандардын жапырт ууланганына байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өттү. Анда тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу сунушталды.
Экономика министрлигине жеке коомдук тамактануу жайларына электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, сертификаты бар гана азыктарды сатып алуу, ашканаларда байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу жөнүндө сунушту иштеп чыгуу тапшырылды.