Россиядагы кыргыз элчилиги миграциялык талаптар жөнүндө дагы эскертти

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги миграциялык талаптарга байланыштуу бул өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына дагы кайрылды.

Анда былтыр жыл аягына чейин келген мигранттар 2023-жылдын 10-январына чейин бармак изин каттоодон өткөрүп, сүрөткө түшүүдөн жана медициналык кароодон өтүшү керектиги айтылат. Ошондой эле, 1-8-январь күндөрү майрам болгондуктан тийиштүү иштерди ушул жагдайды эске алуу менен бүтүрүү зарылдыгы эскертилди.