Кыргызстандын тоолуу аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең, 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү ыктымал.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.