Тоолуу аймактарга барууну пландап жаткан айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек

Тоолуу аймактарга барууну пландап жаткан айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек. Унаа жана жолдор министрлиги маалымдагандай, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат.

 

Айдоочулар жанында сөзсүз түрдө тайгактыкка каршы чынжырчаларды ала жүрүшү керек. Андан тышкары, жол эрежесин так сактап, атайын техниканын иштешине тоскоолдук жаратпоо сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.