Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз менен калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз менен өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Анын айтымында, мындай чечим бүгүнтөн тартып күчүнө кирет.

 

Эсептик чендин өзгөрүүсүз калганы инфляция фактору, өлкөдөгү экономиканын өнүгүү тенденциясы, тышкы экономикалык чөйрөдөгү шарттар менен түшүндүрүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.