Ысык-Көлдө сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ысык-Көлдө сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда жеринде 755 адам, 60тай атайын техника иштеп жатат. Тазалоо жумуштарына жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар да тартылган.

 

Эске салсак, 18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айылдарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

 

Ысык-Көл жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.