Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» өткөрмө бекети кайрадан иштеп баштады

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» өткөрмө бекети да кайрадан иштеп баштады. Өткөрүү пункту Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.

 

Аталган бекет Өзбекстан тараптан «Үч-Коргон» көзөмөл өткөрүү пункту деп аталат.

 

«Кең-Сай» көзөмөл өткөрүү бекети күнү-түнү иштейт, эл аралык макамга ээ. Бул бекет бир суткада 11 миңден ашуун адамды жана 300 транспорт каражатын өткөрүүгө жөндөмдүү.

 

«Кең-Сай» 2009-жылы жабылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.