ЖКда унааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды

Жогорку Кеңеште унааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды. Айрым депутаттар эки айдын ичинде айдоочулар машинелерин камсыздандырып жетишпей турганын айтты. Кээ бир эл өкүлдөрү каттоо процесси татаал экенин билдирди. Мындан улам парламентте тиешелүү мыйзамды кийинки жылга жылдыруу сунушу көтөрүлдү. Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга… Кененирээк…

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Арсланбек Малиев төрага болду

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Арсланбек Малиев шайланды. Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында анын талапкерлиги каралып, 64 депутат макулдугун берди. «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Андан бир айдан… Кененирээк…

Талас: жемкорлукка шектелген айыл өкмөт башчысы менен ишкер 1 айга камалды

Таласта жемкорлукка шектелип кармалган Бекмолдо айыл аймагынын башчысы менен «Календер-Курулуш» ишканасынын жетекчиси 25-февралга чейин камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бекмолдо айыл аймагынын башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны «кымырып алган»… Кененирээк…

Майыптарды реабилитациялоо борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Таарынбү Абдыкадырова Майыптарды реаблитациялоо борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү буйругунун негизинде дайындалды.

Каракол мэриясы 4,4 млн сомго суу ташуучу техника сатып алды

Каракол шаардык мэриясына жаңы суу ташуучу атайын техника сатылып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Техниканын тендердик баасы 4 млн 462 миң 480 сомду түздү. “Суу ташуучу унаа Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилет. Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда… Кененирээк…

Өзбекстанда 17 миңден ашуун аткаминерди кызматтан алууга жарлык чыкты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17 миң аткаминерди кызматтан бошотуу боюнча жарлык чыгарганын Sputnik Өзбекстан жазды. Басылма административдик реформанын кезектеги этабын ишке ашыруу максатында «Аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлык чыкканын билдирген. Ага ылайык, аткаруу бийлигинин көз карандысыз органдарынын саны 61ден 28ге, министрликтердин саны… Кененирээк…

Улуу Британияда 3 жашар бала өз алдынча сабаттуулукка үйрөндү

Улуу Британияда 3 жашар бала өз алдынча сабаттуулукка үйрөндү.   Ал учурда англис, кытай, француз тилдеринде эркин сүйлөй алат. Андан тышкары, наристе дагы бир нече тилде 100гө чейин санаганды билет.   Ал эми жакында ал жогорку интеллектуалдуу адамдардын уюмуна кабыл алынды. Кызыгы, ага тапшыруу үчүн… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу толук кандуу бериле баштады

Бүгүнтөн тарта Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу толук кандуу бериле баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 15 чакырым суу түтүктөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы жана шаар суукана ишканасынын кызматкерлеринин жардамы менен эритилди.   Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, ушул айдан тарта бензинге дүң баанын төмөндөө тенденциясы байкалды, бул чекене баанын деңгээлине дагы таасир бериши керек.   Кийинки айда рыноктун негизги оюнчулары бааны 5-6 сомго чейин төмөндөтөрү күтүлүүдө, —… Кененирээк…

Чолпон-Атада жаңы Калкты тейлөө борбору курулуп жатат

Бүгүн, 25-январда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборунун курулуш иштери менен таанышты.   Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы курулуп жаткан КТБнын имараты замандын бардык талаптарына жооп берет, муну менен бирге Борбор бардык керектүү… Кененирээк…