Бүгүнтөн тарта Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу толук кандуу бериле баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 15 чакырым суу түтүктөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы жана шаар суукана ишканасынын кызматкерлеринин жардамы менен эритилди.
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам түтүктөр тоңуп, жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.