Улуу Британияда 3 жашар бала өз алдынча сабаттуулукка үйрөндү

Улуу Британияда 3 жашар бала өз алдынча сабаттуулукка үйрөндү.

 

Ал учурда англис, кытай, француз тилдеринде эркин сүйлөй алат. Андан тышкары, наристе дагы бир нече тилде 100гө чейин санаганды билет.

 

Ал эми жакында ал жогорку интеллектуалдуу адамдардын уюмуна кабыл алынды. Кызыгы, ага тапшыруу үчүн бала атайын экзамен тапшырган. 1 сааттын ичинде ал оор табышмактарды жана логикалык эсептерди чечиши керек болду. Андан соң ал ата-энесине бул жашоосундагы эң кызыктуу оюн болгонун билдирди.