Каракол мэриясы 4,4 млн сомго суу ташуучу техника сатып алды

Каракол шаардык мэриясына жаңы суу ташуучу атайын техника сатылып алынды.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Техниканын тендердик баасы 4 млн 462 миң 480 сомду түздү.

“Суу ташуучу унаа Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилет.

Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда көйгөйлөр жаралып келген.

Жаңы техниканын алынышы менен бул маселе чечилип, кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.