Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, ушул айдан тарта бензинге дүң баанын төмөндөө тенденциясы байкалды, бул чекене баанын деңгээлине дагы таасир бериши керек.

 

Кийинки айда рыноктун негизги оюнчулары бааны 5-6 сомго чейин төмөндөтөрү күтүлүүдө, — дешти ведомстводон.