Ош–Ноокат–Раззаков жолун оңдоо иштери жазында башталат

Ош–Ноокат–Раззаков жолун оңдоо иштери жазында башталат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат.   Жаз айларында трассанын Ноокат районундагы кооптуу тилкелерин реконструкциялоодон башталат. Эске салсак, Ош – Ноокат – Раззаков унаа жолунун 47-чакырымын оңдоо иштери өткөн жылы башталганы… Кененирээк…

Министрлик пияз экспортуна убактылуу тыюу салууну сунуштады

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө пиязды экспортоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Мекеменин айрым айыл чарба товарларын сыртка сатууга тыюу салууга байланыштуу Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү сунушу коомдук талкууга чыгарылды.   Министрлик бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана… Кененирээк…

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Иш сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду.   Андан соң өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койду

Өзбекстан президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында тараптар Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулган учурунан тартып 30 жылдын ичинде эки өлкөнүн байланышы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткендиги белгиленген. Ошондой эле Кыргызстан… Кененирээк…

Бишкекте үч коомдук транспорттун маршруту өзгөрдү

Бишкекте бир нече коомдук транспорт маршрутун өзгөрттү. Мэриянын маалыматына караганда, чечимдер шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынган. №18 автобустун кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү (Кызыл-Туу айылы — «Ош» базары); №234 маршрутту Төкөлдөш конушуна чейин (Виноградная көчөсүнө… Кененирээк…

Лейлекте ок атуучу куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу айрым айылдарды кыдырып, ок атуучу куралы бар жарандарга жолугуп, аларга сактоо, мөөнөтү өтүп кеткен же атасынан калган куралды кайра каттоо эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.   2021-жылы Жогорку Кеңеш «Чек ара ыйгарым укуктуулары… Кененирээк…

ТИМ кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү эрежеси боюнча элчиге кайрылды

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.   Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар,… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасы: тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери мамлекет башчыларынын алдындагы чек аранын айрым тилкелери боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашышты. Буга чейин Жапаров менен Мирзиёев чек ара боюнча келишимди… Кененирээк…

Кооперативдер келтирген чыгым бир миллиард сомго жакындады

Өткөн жылы турак жай кооперативдеринен 1524 адам жабыркап, келтирилген зыян 901 млн. 726 миң сомду түздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.   Учурда ИИМде 1524 кылмыш иши катталып, анын 1284ү сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгымдын 108 млн. 855 миң сому өндүрүлгөн.   Милиция жарандарды… Кененирээк…

АКШда чоң эле аял документтерин жасалмалап, мектеп окуучусуна айланды

АКШда чоң эле аял документтерин жасалмалап, мектеп окуучусуна айланды.   Окуу жайдын директорунун айтымында, өспүрүм кыз өзү 15 жашта экенин билдирип, документтерин тапшырып, мектепке кабыл алынган.   Бирок анын ата-энеси келбегендиктен, шектенүүлөр башталган. 4 күн окугандан кийин гана ал 30 жашта экени жана документтери жасалма… Кененирээк…