АКШда чоң эле аял документтерин жасалмалап, мектеп окуучусуна айланды.
Окуу жайдын директорунун айтымында, өспүрүм кыз өзү 15 жашта экенин билдирип, документтерин тапшырып, мектепке кабыл алынган.
Бирок анын ата-энеси келбегендиктен, шектенүүлөр башталган. 4 күн окугандан кийин гана ал 30 жашта экени жана документтери жасалма болгону аныкталды. Ал мындай кадамга эмне себептен барганы такталууда.