Лейлекте ок атуучу куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу айрым айылдарды кыдырып, ок атуучу куралы бар жарандарга жолугуп, аларга сактоо, мөөнөтү өтүп кеткен же атасынан калган куралды кайра каттоо эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

 

2021-жылы Жогорку Кеңеш «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алган. Долбоорго ылайык, «ыйгарым укуктуу жарандарды» жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Мындан сырткары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берет.

 

2021-жылкы маалымат боюнча жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат.