Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн таңкы саат алтыларда Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, андан жабыркагандар катталган… Кененирээк…

Жерар Пике жаңы сүйүктүүсү менен түшкөн алгачкы сүрөтүн жарыялады

Жерар Пике жаңы сүйүктүүсү Клара Чиа Марти менен түшкөн алгачкы сүрөтүн жарыялады. Испания курамасынын мурдагы коргоочусунун сүрөтү Интернетте ажиотаж жаратты. Алсак, көпчүлүк колдонуучулар анын мурдагы жубайы Шакираны жактап, ага эч ким тең келе албастыгын белгилешкен. Шакира менен Жерар Пике былтыр июнда ажырашып кетишкен. Жубайлар 11… Кененирээк…

«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү эрте келүүгө чакырат

Бишкек жана Чүй облусунда борбордук көчөлөр бүгүн да маал-маалы менен жабылат. Мындан улам, “Манас” эл аралык аэропорту” каттоого кечикпөө үчүн жүргүнчүлөрдү аба майданга эрте келүүсүн суранат. Трассалардагы чектөө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу.

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди. Окуу жайдын маалыматына ылайык, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады. “Бүгүн ОшМУнун тарыхында… Кененирээк…

GoBus эми Өзбекстанга каттай баштайт

GoBus эми Өзбекстандын 4 шаарына каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев билдирди. Маалыматка ылайык, авобустар коңшу өлкөнүн Фергана, Андижан, Ташкент жана Наманган шаарларына жүрө баштайт. Бул долбоорду алдыдагы жайкы туристтик сезондо ишке киргизүү пландалып жатат.

Талас районуна «өзгөчө кырдаал» киргизилди

Талас районуна «өзгөчө кырдаал» киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, райондогу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Каракол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган. Муз тазалоо иштерине Талас облусундагы №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, район боюнча өзгөчө… Кененирээк…

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 26-январда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   “Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди.  … Кененирээк…

Ошто жер семирткичти өндүрүү боюнча кыргыз-өзбек ишканасын ачуу пландалууда

Ош облусунда жер семирткичти өндүрүү боюнча кыргыз-өзбек ишканасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.   Анын айтымында, Кыргызстан-Өзбекстан бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпысынан 168 млн долларга 11 документке кол коюлду. “Жүгөрү жана эт азыктары боюнча (ред.:… Кененирээк…

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Мелдеш 28-29-январь күндөрү “Газпром” борборунда болот. Спортчулар төмөнкү салмак категориялары боюнча катышат.   Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг; Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90,… Кененирээк…

«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү эрте келүүгө чакырды

26-27-январь аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда борбордук көчөлөр маал-маалы менен жабылат.   “Манас” эл аралык аэропорту” ААК жолдордун жабылышына байланыштуу каттоого кечикпөө үчүн бардык учуп кетчү жүргүнчүлөрдү аэропортко эртерээк келүүсүн суранат.   Белгилей кетсек, жолдор Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик иш… Кененирээк…