Талас районуна «өзгөчө кырдаал» киргизилди.
Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондогу Көпүрө-Базар айылынан агып өткөн Каракол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралган.
Муз тазалоо иштерине Талас облусундагы №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, район боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 кызматкери тартылып, жеринде иштеп жатат.