GoBus эми Өзбекстандын 4 шаарына каттай баштайт.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев билдирди.
Маалыматка ылайык, авобустар коңшу өлкөнүн Фергана, Андижан, Ташкент жана Наманган шаарларына жүрө баштайт.
Бул долбоорду алдыдагы жайкы туристтик сезондо ишке киргизүү пландалып жатат.