Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды.
Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жайдын маалыматына ылайык, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.
“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды.
Операция 4 саат созулду.
Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат.
Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтүү жасап бүттүк”, — деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.
ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат.
Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.