Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган 8 кошумча база ачуу пландалууда

Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган 8 кошумча база ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, көмүр кампалары Ош жана Баткен облустарында ачылат. Тактап айтканда, кампалар Ош облусунун Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда, ал эми Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Баткен районунда иштеп баштайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.