Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Ага ылайык, чет элдиктер 5 миң доллардан, ал эми Кыргызстандын жарандары 10 миң доллардан ашык акчаны сыртка алып чыга албайт. Эреже бузулган учурда белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайыз… Кененирээк…

Майлуу-Сууга жылуулук бериле баштады

Майлуу-Сууга жылуулук бериле баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, №1 отказандын иши калыбына келтирилип, учурда 600гө жакын абонент жылуулук менен камсыз болду. Ошондой эле ӨКМдин жана шаардык кызматтардын бригадалары көйгөйлүү аймактарга суу жеткиргени кабарланды. Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында сууктан улам суу өтүүчү… Кененирээк…

Бишкекте волейбол боюнча өлкө чемпионаты старт алды

Бишкекте волейбол боюнча өлкөнүн XV ачык чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Бүгүн, 16-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталган мелдешке эркектер жана кыз-келиндер арасында улуттук жана жогорку лиганын клубдук командалары катышууда. Мелдешке жалпы 23 команда (эркектер арасында… Кененирээк…

Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкекте “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көргөзмө эртең, 17-январда саат 12:00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылат. Көргөзмөнүн автору Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү фотограф, аниматор жана архитектор Шило Жекшенбаев. Анда автордун 80 эмгеги коюлат. Иш-чаранын максаты –… Кененирээк…

Майлуу-Сууда бала-бакчалар жабылып, мектептер онлайн билим берүүгө өттү

Майлуу-Сууда бала-бакчалар жабылып, мектептер онлайн билим берүүгө өттү. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мунун себеби шаардагы өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу. Маалыматка караганда, аралыктан окутуу абал калыбына келгенге чейин күчүндө болот. Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү… Кененирээк…

Майлуу-Сууда токтоп калган үч отказандын бири иштей баштады

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди. “Бүгүн, 16-январда Майлуу-Сууда №1 отказан жылуулук бере баштады. №3, 4 отказанга азырынча суу келе элек, ӨКМдин кызматкерлери ал жерде иштөөдө. Батирлерде 20 градус жылуу болууда”, — деди… Кененирээк…

Биринчи Майдагы бардык мектептерге алмаштыруучу бут кийим колдонуу пландалууда

Биринчи май районунун бардык мектептерине алмаштырылуучу бут кийимдерди киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. Мындай тажрыйба учурда шаардын сегиз билим берүү мекемесинде бар. Демилгенин максаты окуучуларды жүрүм-турум маданиятына, тартипке, тыкандыкка жана санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого тарбиялоо.

Бишкекте жаңы жылдык балатыны демонтаждоо башталды

Бишкекте жаңы жылдык балатыны демонтаждоо башталды Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаада майрамдык жасалгалоонун бардык элементтери алынууда. Балатынын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактары “Тазалык” ишканасынын базасында сакталат, ал эми балаты жасалгалары жана инсталляциялары “Бишкексвет” ишканасынын кампасына ташылат.

Бишкектен Кытайга эки үзгүлтүксүз каттам ачылат

Бишкектен Кытайга эки үзгүлтүксүз каттам ачылат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Үрүмчү –  Бишкек –  Үрүмчү аба каттамы 31-январдан тарта аткарыла баштайт. Учактар ​​ар жуманын шейшемби күндөрү учат. Мындан тышкары Сиань – Бишкек – Сиань авиакаттамы ачылат. Жүргүнчүлөр аны 11-февралдан тарта пайдалана алышат. Самолёттор… Кененирээк…

Англияда аял жуурканга турмушка чыкты

Англияда аял жуурканга турмушка чыкты. Аялдын айтымында, ал буюмду бир көргөндө эле сүйүп калган. Эми ал кайгылуу учурда да, кубанычтуу жагдайда дагы сүйүктүү жуурканына таяна алат. Үйлөнүү үлпөт тоюна 150 конок катышты. Алардын баары халат жана пижама кийип келишкен. Белгилеп кетсек, англиялыктын жигити деле бар.… Кененирээк…