Катуу сууктан улам Ысык-Көл дагы тоңду
Катуу сууктан улам Ысык-Көл дагы тоңду. Түндүк-чыгыш жээкте аба табы дээрлик 30 градуска чейин төмөндөдү. Жергиликтүү тургундар таң калууда, анткени, адатта Ысык-Көл суусу кышкысын тоңбойт. Бул көлгө агып кирген көптөгөн дарыяларга жана андагы туздун деңгээлине байланыштуу.