Кыргызстанда катуу сууктан улам электр энергиясы максималдуу түрдө көп колдонулууда

Кыргызстанда катуу сууктан улам электр энергиясы максималдуу түрдө көп колдонулууда. Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, 12-январдан тарта күн сайын 73 миллион киловатт-саат электр энергиясы колдонулуп жатат.

 

Адистер белгилешкендей, кечки убакта энергосистемага ашыра күч келүүдө, бул өз кезегинде, авариялык өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн.

 

Андыктан, энергетиктер кыргызстандыктарга дагы бир ирет кайрылып, кечки саат 6дан 9га чейин жана эртең мененки саат 7ден 10го чейин электр кубатын көп талап кылган приборлорду колдонбоого чакырат.