Майлуу-Суу шаарында үйлөргө кезек-кезеги менен жылуулук берилип, эл таза суу менен камсыздалууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, адистер сайдан суу дарбазага суу толтуруп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна, андан №1 отказанга суу өткөрүшкөн.
Натыйжада системалар жылытылып, отказан ишке кирип, кезек-кезеги менен жашоочуларга жылуулук берилип баштады.
Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктун кесепетинен суу түтүктөрү тоңуп, элге жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.