Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда жашоо тиричилик минимуму 7 миң 178 сомго теңелди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу, бул 14,5 пайызга көп.
Жашоо тиричилик минимумдун түзүлүшү боюнча анын 65 пайыз үлүшү азык-түлүк товарларын түзөт, азык-түлүк эмес – 16 пайыз, кызматтар – 17 жана салыктар 2 пайызды түзөт.