Лионель Месси жана Килиан Мбаппенин ортосундагы мамилеси кандай болгону белгилүү болду

Дүйнө чемпионатынын финалынан кийин Лионель Месси жана Килиан Мбаппенин ортосундагы мамилеси кандай болгону белгилүү болду. Франциялык спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, бир клубда ойногон футболчулардын алгачкы жолугушуусу жакшы нукта өттү, алар учурашып, кучакташты.

 

Учурда алар кадимки тартипте машыгууларды өткөрүүдө.

 

Эске салсак, чечүүчү беттеште Аргентина – Франция курамалары беттешип, жеңишти акыркы секундаларда пенальти сериясы менен Лионель Мессинин командасы сууруп алган.