ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Бүгүнтөн тарта жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 18-январда аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси анын эртеси жайгаштырылат. Студент болчу адам өзүнүн окуй тургандыгын… Кененирээк…

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатат. Документ жакында Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Анда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын курсу өткөн жуманын соңку күндөрү менен салыштырганда 50 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда доллардын курсу өткөн жуманын соңку күндөрү менен салыштырганда 50 тыйынга кымбаттады. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орто эсеп менен 86 сом 20 тыйындан сатып алып, кайра үстүнө бир сом кошуп сатууда.   Евронун курсу дагы өткөн жумага карата  34 тыйынга кымбаттап,… Кененирээк…

Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу бир күн ичинде берилет

Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу бир күн ичинде берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа мэри  Нурланбек Умаров билдирди. Анын айтымында, суу топтолгон жайдан шаарга чейинки түтүктөрдөгү муз дээрлик эритилип, ортодо бир чакырымдай жери калды. Учурга карата жашоочуларга таза суу унаа менен ташылып, жадыбал менен берилип жатат.… Кененирээк…

Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген акыркы чектөөлөр алынат

Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген акыркы чектөөлөр алынат. 2-февралдан тарта эми поезд жана автобус жүргүнчүлөрү беткап тагынбай койсо болот.   Жергиликтүү бийликтин пикиринде, калк арасында жамааттык иммунитет иштелип чыкты, андыктан, инфекция массалык түрдө жайылбайт деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, Германия – беткап режимин дагы эле карманып… Кененирээк…

Өзбекстан автобустук каттамдарды убактылуу токтотту

Өзбекстан автобустук каттамдарды убактылуу токтотту. Коңшу өлкөнүн транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө аномалдуу суук катталып, автобустар Казакстан жана Россия аймагында бузулуп, жүргүнчүлөр көчөдө калууда.   Андан тышкары, суукка байланыштуу аймак аралык поезддердин жүгүртмөсүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бишкектин кайгуул милиция кызматы кыргызстандыктарды жол белгилерин билүүсүнө текшерип баштады

Бишкектин кайгуул милиция кызматы кыргызстандыктарды жол белгилерин билүүсүнө текшерип баштады. “Айдоочу жол эрежелерин билет” тестирлөөсүн ведомствонун басма-сөз кызматы жүргүзүүдө.   Текшерүү эстафета форматында өтөт. Тестти ийгиликтүү тапшырган айдоочу андан ары эстафетаны башка тааныш айдоочуларга өткөрүп берет.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 10 миллиард кубометрге түшүп калды

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 10 миллиард кубометрге түшүп калды. Бул тууралуу “Электр станцияларынан” билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы резервуарга бүгүнкү күндө 114 кубометр суу кирип жатса, чыгышы – 928 кубду түзүүдө.   Буга байланыштуу, энергокомпаниялар кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.

Бишкекте аба булгануусунун ден-соолукка эң кооптуу деңгээли катталды

Бишкекте аба булгануусунун ден-соолукка эң кооптуу деңгээли катталды.   15-январдын кечинде ордо калаа кайрадан дүйнөдөгү абанын сапаты боюнча рейтингдин сап башына чыкты.   Белгилеп кетсек, 11-январдан тарта Кыргызстанга аномалдуу суук келди.   Температура көрсөткүчү -25 градуска чейин төмөндөдү. Буга байланыштуу жеке сектордун тургундары үйлөрүн көмүр менен… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат. Тармактарга жана линияларга күч келгендиктен, авариялык өчүрүүлөр орун алышы мүмкүн.   Эске салсак, 10-январдан тарта өлкөгө катуу суук келди. Айрым аймактарда температура көрсөткүчү -24 градуска түштү. Ал эми тоолуу аймактарда 42 градуска чейин суук болду. Синоптиктердин божомолу боюнча, суук… Кененирээк…