Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген акыркы чектөөлөр алынат

Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген акыркы чектөөлөр алынат. 2-февралдан тарта эми поезд жана автобус жүргүнчүлөрү беткап тагынбай койсо болот.

 

Жергиликтүү бийликтин пикиринде, калк арасында жамааттык иммунитет иштелип чыкты, андыктан, инфекция массалык түрдө жайылбайт деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, Германия – беткап режимин дагы эле карманып келе жаткан Европадагы акыркы өлкөлөрдүн бири.