Бүгүнтөн тарта жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 18-январда аяктайт.
Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси анын эртеси жайгаштырылат.
Студент болчу адам өзүнүн окуй тургандыгын 21-январга чейин тастыкташы керек.
Эгер ал окууга каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.