Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу бир күн ичинде берилет

Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу бир күн ичинде берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа мэри  Нурланбек Умаров билдирди. Анын айтымында, суу топтолгон жайдан шаарга чейинки түтүктөрдөгү муз дээрлик эритилип, ортодо бир чакырымдай жери калды. Учурга карата жашоочуларга таза суу унаа менен ташылып, жадыбал менен берилип жатат.

 

Умаров белгилегендей, жылуулук берүү дагы калыбына келтирилип жатат. Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктун кесепетинен суу түтүктөрү тоңуп, элге жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.