Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатат.

Документ жакында Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Анда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мыйзам бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүү, соттолгон мүчөлөрүн амнистиядан ажыратуу сыяктуу толуктоолор сунушталууда, — деди чиновник.