Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат. Тармактарга жана линияларга күч келгендиктен, авариялык өчүрүүлөр орун алышы мүмкүн.

 

Эске салсак, 10-январдан тарта өлкөгө катуу суук келди. Айрым аймактарда температура көрсөткүчү -24 градуска түштү. Ал эми тоолуу аймактарда 42 градуска чейин суук болду. Синоптиктердин божомолу боюнча, суук айдын аягына дейре кармалат.