Бишкекте аба булгануусунун ден-соолукка эң кооптуу деңгээли катталды. 15-январдын кечинде ордо калаа кайрадан дүйнөдөгү абанын сапаты боюнча рейтингдин сап башына чыкты.
Белгилеп кетсек, 11-январдан тарта Кыргызстанга аномалдуу суук келди.
Температура көрсөткүчү -25 градуска чейин төмөндөдү. Буга байланыштуу жеке сектордун тургундары үйлөрүн көмүр менен активдүү жылытып баштады. Ал эми изилдөөлөргө таянсак, Бишкектеги абанын булгануусунун негизги себеби — жаңы конуштардагы жылуулук системасы