Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы 3-июнда кое берилет
Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы 3-июнда кое берилет. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Түркиянын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми августтан тарта каттам күн сайын аткарылып баштайт.