Улуттук банк алтын куймаларын биржага сата баштады

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды соода аянтында сатууну баштады.

Бул тууралуу 26-майда аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка караганда, бул Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында жасалып жатат.

Ага ылайык, Улуттук банк «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому менен биргеликте «Кыргызалтын» даярдаган салмагы 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын сатууну баштады.

Улуттук банктын карамагында, 46,7 тонна алтын бар экенин мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Улуттук банктын карамагындагы бул алтын 2021-2023-жылдар аралыгында өлкөдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуу жолу менен чогултулган.

Президент Садыр Жапаров былтыр 28-февралда кайрылуу жасап, жарандарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Ушундан кийин Улуттук банк былтыр 1, 2, 5, 10, 31.1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатыкка чыгарган.