Румынияда дүйнөдөгү эң чоң футболка тигилди.
Анын узундугу 108 метрди түзсө, кеңдиги 73 метрге жетет. Аны жайса – жарым стадионду ээлейт. Ал эми кездемеси кайра иштетилген жарым миллион пластик бөтөлкөсүнөн жасалган.
Аларды чогултуп, тигүү үчүн 1 ай талап кылынды. Гиннес рекорддор китебине мындай ири кийим катталгандан кийин, ал 12 миң бөлүккө бөлүнүп, кадимки өлчөмдөгү футболкалар тигилет.