Түштүк Кореяда жүргүнчүлөр учуп бара жаткан учактан кулап кете жаздады. Окуя аба лайнеринин Тэгу шаарындагы аэропортко конуу жасап жаткан учурда катталды.
Учак коноюн деп атканда авариялык эшик ачылып кеткен. Жыйынтыгында 9 адам жабыркады. Пилоттор акыры учакты ийгиликтүү кондура алды. Учурда полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактап жатат.