Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мектептин курулушу башталды. Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы билим берүү мекемеси Жер-Үй айылында пайда болот.
Ал 150 окуучуга чакталат. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 113 миллион сом бөлүнөт.