Жалал-Абадда 31 млн сомго 500 метр жол оңдолот

Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарындагы К.Назаров көчөсүнүн 500 метр аралыгын оңдоого тендер жарыялады.

 

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына таянсак, пландалган сумма — 31 млн 28 миң 900 сом, конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 9-июнга чейин.