Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт. Ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Учурда милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ошондой эле, укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын… Кененирээк…

Өзбекстан менен кызматташуу боюнча 28 документке кол коюу пландалууда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жалпысынан 28 документке кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев коңшу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушусунда талкууланды. Маалыматка ылайык, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтөт. Өзбек… Кененирээк…

Кыргыз футбол бирикмеси италиялык кесиптештери менен кызматташат

Рим шаарында Кыргыз футбол бирикмеси менен Италиянын футбол федерациясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, документке 24-январда Рим шаарында кол коюлду. Учурда бирикменин өкүлдөрү аталган шаарда иш сапар менен жүрүшөт, алар Италиянын футбол федерациясынын эл аралык кеңсесинин жетекчиси Данило Филаккионе менен… Кененирээк…

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон нерселер менен камсыздалат. Белгиленгендей, кыргыз бийлиги Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен этникалык кыргыздарды толугу менен… Кененирээк…

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга сак болуу сунушталат

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга сак болуу сунушталат. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде күбөлүк сатып алууну сунуштаган шылуундар пайда болду. Мекеме айдоочулук күбөлүктү “Унаа” ишканасы гана бере турганын эскертет. Белгилеп кетсек, документ алуу үчүн автомектепте окуп, сынак тапшыруу керек.

Швейцария Кыргызстанга 9 млн доллардан ашык каражат бөлөт

Швейцария өкмөтү Кыргызстанга табигый кырсыктарга туруктуу инфраструктураны куруу үчүн 9 миллиондон ашык доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, каржылоо Ош, Баткен жана Нарын облустарындагы долбоорлорго багытталат. Натыйжада, 250 миң эң аялуу үй чарбалары ишенимдүү климаттык прогноздорду алып, мүмкүн… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган эки мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган Лейлектеги эки мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен такташкандай, Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептерде учурда кадимки тартипте окуу жүрүп жатат. Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 миллион 300 миң сомдой, Хамза атындагы билим берүү мекемесин оңдоого 1 миллион… Кененирээк…

Бокс боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы жети коло жеңди

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддагы Азия чепионатында жети коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Бангкок шаарында 19-январда башталган чемпионатка 22 жашка чейинки спортчулар катышууда. Коло байгенин ээлери: Ислам Торобаев (54 кг), Аскат Култаев (63,5 кг), Ихтияр Нишонов (67 кг),… Кененирээк…

Эми Carcheck системасында чет элдик номери менен унааларга салынган айыпты дагы текшерсе болот

Эми Carcheck системасында чет элдик номери менен унааларга салынган айыпты дагы текшерсе болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, функция тесттик режимде ишке киргизилди. Башка жактын номери тагылган унаалардын айдоочулары “Коопсуз шаардын” алкагында айып салынганын көрө алат.

«Каржы пирамидасын» жарнамалаган ырчы, блогерди жазалоо сунушу биринчи окуудан өттү

Кыргызстанда “каржы пирамидасын” жарнамалоо үчүн жаза чаралары каралган мыйзам долбоору бүгүн 24-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, колдоо тапты.   Мыйзам долбоорунун автору, депутат Шайырбек Ташиев азыркы мыйзамдарда “каржы пирамидасын” жарнамалагандардын жоопкерчилиги каралбаганын, эгер сунуш өтсө 2-2,5 миллион… Кененирээк…